Кыргызстандык кыз Орусияда «Жылдын студенти» болду (сүрөт)

17-декабрда Москвада «Жылдын студенти-2022» сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн жана лауреаттарын сыйлоо аземи болуп өттү. «Жылдын мыкты чет элдик студенти» номинациясын Кыргызстандан Красноярск шаарына окууга барган Ажар Аламанова алды. Бул тууралуу өзү окуган Сибирь Федералдык университетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Ажар Аламанова үч тилде окуйт, илимий жана коомдук иштер менен алектенет. Ал институттун, университеттин жана облустук тандап алууда жеңүүчү болгон. Кыз өзү айткандай, акыркы сыноолор оңой болгон эмес. Сынак комиссиясы бир нече күн бою ар кандай жөндөмдөрдү: өзүн-өзү көрсөтүүнү, ишкердик жөндөмүн, Орусиянын элдеринин маданиятын билүүсүн сынаган. Мындан тышкары, катышуучулар өз өлкөлөрүнүн маданиятын көрсөтүшү керек болчу.