«Газпром Кыргызстан» мектебинин окуучусу Ян Бобрус 24-27-декабрда Баку шаарында өткөн «Таланттарды даярдоо лабораториясы» аттуу математика, физика жана химия боюнча VI эл аралык өспүрүмдөр олимпиадасында күмүш медалга ээ болду.
Ян Бобрус математика боюнча жалпы 40 упайдан – 40 упай, физикадан – 10 упай, химиядан 4 упай топтогон. Аны олимпиадага математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган.
Быйыл Кыргыз Республикасынын курама командасына төмөнкү окуучулар кирген:
1. Ян Бобрус, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 8-классынын окуучусу, 54 упай,
2. Жасурбек Тешабаев, «Сапат» муниципалдык билим берүү мекемесинин 10-классынын окуучусу, — 26 балл,
3. Иса Мамытов, «Сапат» муниципалдык билим берүү мекемесинин 10-классынын окуучусу – 10 балл.
Команданын жетекчиси – химия боюнча эл аралык олимпиадасынын коло байге ээси — Дооронбек Маметов.