Кыргызстандык окуучулар химия боюнча эл аралык олимпиадада эки коло медаль алышты

Кыргызстандык окуучулар химия боюнча эл аралык олимпиадада эки коло медаль алышты. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Олимпиада Бразилиянын Белу-Оризонти шаарында өтүп, ага дүйнөнүн кырктан ашуун өлкөсүнөн жүздөгөн мыкты окуучулар катышкан.

Жыйынтыгында кыргызстандык Кахраманов Максатбек менен Жапаров Эржан коло медаль жеңип алышты.