10–17-майда быйыл биринчи жолу Орусиянын Сочи шаарындагы “Сириус” билим берүү борборунун базасында биология боюнча Open International Biology Olympiad (OIBO 2025) аттуу эл аралык олимпиада өттү. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Кыргызстандын курама командасы жогорку даярдыкты көрсөтүп, 1 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медаль жеңип алышты. Мындан тышкары, командалык долбоордук турда 1-орунду ээлеп, алтын медаль менен сыйланышты.