Кыргызстандык спортчулар Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде (видео, сүрөт)

Бүгүн, 23-июлда Токиодо Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи өтүп жатат. Аземде кыргызстандык спортчулар да өз желегин көтөрүп өтүштү.

Кирибати өлкөсүнөн кийин Кыргызстандын желегин Денис Петрашов менен Каныкей Кубанычбекова көтөрүп өтүштү.

Белгилей кетсек, оюндарга Кыргызстандын атынан лицензия утуп алган 16 спортчу катышат.