Кыргызстандык студенттер окуу үчүн Орусияга кантип барса болот? Элчиликтин жообу

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги чет элдик студенттер өлкөгө кантип кирсе болорун түшүндүрүп берди.

«Роспотребнадзор мекемесинин жаңы талаптарына ылайык, эми Россияда окуган башка өлкөнүн жарандары, анын ичинде кыргызстандыктар дагы учарга чейинки акыркы 72 саат ичинде жана Россия аймагына киргенде алгачкы 72 саатта коронавируска тест тапшырышы керек”,- деп айтылат билдирүүдө.

Орусияда студенттер экинчи ПЦР-тесттин жыйынтыгын алмайынча обочолонуп турушу керек.

«Студенттер окууга эки ПЦР-тесттин тең жыйынтыгын көрсөткөн соң гана киргизилет”,- деп айтылат кабарда.

Учурда кыргызстандык студенттер Орусияга Бишкек — Москва багыты боюнча түз каттамдар менен жетип алса болот.