Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 11-майдан тарта ыйык сапарга аттанат. Бул күндөрдө дүйнөнүн чар тарабынан келген мусулмандар Меккеге жана ыйык жерлерге жол тартып, ажылык ибадатын аткарууга даярдык көрүшөт. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
«Ыйык сапарга чыккан ар бир зыяратчы үчүн Сауд Арабияга кирүүдө тартипти сактоо абдан маанилүү. Бул эрежелерди кармануу сапарды жеңилдетип, убакытты үнөмдөйт. Зыяратчылар үчүн эң маанилүү нерселердин бири – Nusuk картасы (бейжик). Бул картасыз Меккеге жана ыйык жерлерге кирүүгө мүмкүн эмес. Ошондой эле ал негизги кызматтарга жетүүнү камсыз кылат», — деп жазылат маалыматта.
Картаны кантип аласыз?
• Ал сизге ажылыкты уюштуруу штабы (ажы башчыңыз) тарабынан берилет.
• Санарип версиясы Nusuk жана Tawakkalna тиркемелеринде жеткиликтүү.






