Кыргызстандыктар 2025-жылы айрым майрам күндөрү эс алышпайт 

Кыргызстандыктардын майрам күндөрүндөгү эс алуулар өзгөрдү. Бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңеште депутаттар жаңы Эмгек кодексин кабыл алды.

Ага ылайык, кыргызстандыктар жаңы жылдык эс алуу катары 1-7-январь күндөрү эс алышат. Андан сырткары 1-8-май күндөрү да эс алышат.

Ал эми 23-ферваль, 7-апрель, 7-8-ноябрь күндөр майрам күнү катары калса да жумуш күнү болот.

Жумуш эмес майрам күндөр: 8-март, 21-март, 5-май, 9-май, 31-август.

Буга чейинки майрам күнү эс алуу күнүнө туш келсе кийинки күндөр эс алуу ченеми алынып салынды. Кадимки календарлык жумуш күн уланат.