Кыргызстандыктар ноябрь айында 4 күн катары менен эс алат

Ноябрда кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 6, 7, 8 жана 9-ноябрь эс алуу күндөрү болот. «7-ноябрь ушул жылдын жекшембисине туш келгендиктен, мыйзамга ылайык, кийинки иш күнү эс алуу күнүнө айланат», — деп билдиришти министрликтен.

Кыргызстанда 7 жана 8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү катары белгиленген.