Кыргыз жарандары Венгриядагы университеттерге окууга тапшыра алышат

Кыргыз жарандары 2021-2022-окуу жылында Венгриядагы университеттерде англис тилдүү магистрдик курстарга катыша алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

 2021-2022-окуу жылына карата төмөндөгү англис тилиндеги магистрдик курстарга студенттер кабыл алынат:

Долбоорго төмөнкү университеттер катышат:

Стипендиялык программа төмөнкүлөрдү камсыздайт:

Жогоруда көрсөтүлгөн чыгымдардын баары Венгриянын өкмөтү тарабынан 2007-жылы кабыл алынган Венгрия менен ФАОнун ортосундагы макулдашуунун негизинде каржыланат. Финансылык каржылоо  студентке гана берилет, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө эмес.

Студенттерди кабыл алуу эки этап менен ишке ашат:

1-этап: ФАО талапкерлердин досьесин карап чыгып, сунуштамаларын Венгриянын Айыл чарба министрлигине жөнөтөт. Министрлик талапкердин тандоосуна жараша өтүнмөлөрдү тиешелүү университеттерге жөнөтөт. Толук эмес досьелер, аты көрсөтүлбөгөн өтүнмөлөр каралбайт.

2-этап: Тандоо процессинин чегинде биринчи этаптан өткөн талапкерлерге англис тили боюнча жазуу же оозеки түрүндө сынактан өтүү сунушталышы мүмкүн. Талапкерди кабыл алуу чечими университет тарабынан гана кабыл алынат (ФАО кийлигише албайт). Тандоодон өткөн студенттер, ошондой эле, министрликтен дагы билдирүү алышат.

Талапкерлер төмөнкү критерийлердин негизинде тандалат:

Кызыкдар талапкерлердин өтүнмөлөрү электрондук почта аркылуу ФАОго 2021-жылдын 28-февралына чейин жөнөтүлүшү керек.

Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү документтерди окуңуз: