Кыргызстандыктар үч күндө 37 миллион сомго алтын сатып алышты

Кыргызстандын Улуттук банкы үч күн ичинде 37 миллион сомго алтын сатты. Бул тууралуу журналисттерге Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-февралдан 2-мартка чейин 6,4 килограмм өлчөнгөн куймалар жалпысынан 37,1 миллион сомго сатылган.

Жалпысынан жыл башынан бери Улуттук банк 93,5 миллион сомдук 1030 даана өлчөнгөн куймаларды сатканы маалым болду.