Кыргызстандыктардын Орусияга кирүү маселелери талкууланды

Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев менен Орусиянын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Сергей Вакуновдун жолугушуусу болду. Анда Кыргыз жарандарынын Орусияга кирүү жана анда жүрүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Алмаз Имангазиев Кыргыз жарандары үчүн Орусияга кирүүдөн баш тартуу учурларынын көбөйүп жатканына жана аэропорттордо текшерүү процедураларынын узактыгына тынчсыздануусун билдирди. Өлкөдөгү коопсуздукту камсыздоого багытталган чараларын Кыргызстан тарап түшүнүү менен кабыл аларын белгиледи.

Орусия элчиси Сергей Вакунов күн тартибиндеги бардык темалар боюнча биргелешип иштөөгө даярдыгын билдирди.