Кыргыз жарандарына кичи ажылыкка барууга уруксат берилген жок

Сауд Арабия кичи ажылык зыяратына уруксат берген жана уруксат бербеген өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады. Анда Кыргыз мамлекети умрага азырынча уруксат берилбеген өлкөлөрдүн катарына кирет. Бул тууралуу муфтият маалымат таратты.

Белгилүү болгондой, 1-ноябрдан тартып 108 өлкөгө Мекке шаарына барууга уруксат берилди. Алардын катарында Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Түркия, Азербайжан жана Беларусь бар. Ал эми Кыргыз мамлекети сары категорияга, тагыраагы азырынча аталган өлкөгө кирүүгө уруксат албаган 20 мамлекеттин катарына кирген. Андан сырткары дагы 56 мамлекет кызыл категорияга, тактап айтканда, кирүүгө таптакыр тыюу салынган өлкөлөрдүн катарына кирген. Алардын арасына Орусия, Украина, Британия, АКШ жана башка мамлекеттер кирет.

Айта кетсек, 23-сентябрда Сауд Араб падышачылыгы 3 этап менен коронавирус илдети азайган өлкөлөргө умра ибадатын аткарууга уруксат бериле тургандыгын жарыялап, ал үчүн атайын график иштелип чыгарын маалымдашкан.