Кыргызстандыктарга Тажикстанга баруудан баш тартуу сунушталды

Бүгүн, 22-декабрда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Кыргызстандын жарандарына кайрылуу жасады.

Мекеме кыргызстандыктардын Тажикстанга кирүүсүнө чектөө чаралары уланып жатканын эске салды. Буга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды Тажикстанга ар кандай сапарлардан баш тартууну жана Тажикстан аркылуу транзиттик каттамдарды жасоону суранат.