Кыргызстандын 1 миллион 118 миң жараны чет өлкөлөрдө эмгектенет

1 миллион 118 миң кыргызстандык чет өлкөлөрдө эмгектенет. Мындай маалыматты Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков билдирди.

Анын айтымында, Орусиядагы мигранттар 1 миллион 63 миңди түзөт. Экинчи орунда Казакстан турат. Ал жерде 30 миң, Түркияда 20 миң, АКШ жана араб өлкөлөрүндө 10 миң, Германия, Канада жана Италияда 6 миң, Түштүк Кореяда 5 миңден ашуун адам эмгектенет. Кошумчалай кетсек, 76 миң кыргызстандык Орусия Федерациясына кире албайт, анткени алар кара тизмеге киргизилген.