Кыргызстандын 7 жараны Тажикстандын күч органдары тарабынан кармалганы маалым болду

Кыргызстандын 7 жараны Тажик тараптан кармалды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев бүгүн, 16-декабрда АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. 

Анын айтымында, кыргызстандыктар чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн кармалган. «Аларды мекенине кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деди Алимбаев.