Кыргызстандын армиясы 139 өлкөнүн ичинен 93-орунда турат

Эл аралык рейтигдерди аныкточу Global Firepower индекси дүйнө өлкөлөрүнүн армиясынын рейтингин аныктап чыкты. Анда Кыргызстандын армиясы 139 өлкөнүн ичинен 93-орунду ээлеген.

Маалыматка ылайык, бул рейтингди чыгарууда өлкөнүн ички дүң өнүмү, мамлекеттик карыз, аймагынын аянты, армиянын саны, резервдеги армиянын саны, куралданган техникасы сыяктуу бир нече факторлор каралган.

Анда армиясынын күчтүүлүгү боюнча алгачкы бештикке АКШ, Орусия, Кытай, Индия жана Япония кирген.

Ал эми Борбор Азиядагы беш өлкөлөрдүн ичинен биринчи орунга Өзбекстандын армиясы чыгып, дүйнөдө 51-орунду ээлеген. Экинчи орунда Казакстан, дүйнөдө 62-сапта турат. Үчүнчү орунда Түркмөнстан, дүйнө боюнча 86-орунда. Кыргызстан коңшуларынын ичинен төртүнчү орунда турат. Ошондой эле бул өлкөлөрдүн арасында бешинчи орунда Тажикстандын армиясы турат. Ал дүйнөдө 99-орунда.

Кыргызстан 2016-2017-жылдары бул рейтингде 108-тепкичте болчу.