Ашууларда транспорттун бардык түрлөрү үчүн кыймыл убактылуу чектелди

Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларында саат 9:00дөн баштап жаан-чачындын көп болушуна жана кар күрткүсүнө байланыштуу транспорттун бардык түрлөрү үчүн кыймыл убактылуу чектелген. Жалал-Абад облусундагы «Чычкан» постунан өтүү убактылуу жабылды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциядан билдиришти.

Мындай чара ашууларда кар көп жаап, бороондон улам жол көрүнбөй, унаалардын кыймылы жайлаганына байланыштуу болуп жатат. Жол иштери аяктагандан кийин кыймыл калыбына келтирилет.