Кыргыз өлкөсүнүн демократиялык деңгээли түшүп кеттиби? Рейтингдин көрсөткүчү

Кыргыз өлкөсү демократия боюнча дүйнөлүк рейтингде 107-орунду ээледи. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 6 тепкичке ылдый. Мындай жыйынтыкты дүйнөнүн 167 өлкөсүнүн демократиялык абалы салыштырылган Улуу Британиядагы «The Economist Intelligence Unit» уюму чыгарган.

Анда “Кыргыз мамлекети Борбор Азия чөлкөмүндө авторитардык эмес жападан жалгыз өлкө, бирок авторитаризмге жакындап бараткан мамлекет” деп мүнөздөлдү.

Ал эми демократиялуу мамлекеттер деп, Норвегия, Исландия, Швеция, Жаңы Зеландия жана Канада табылган.

Көрсөткүчү эң начар беш өлкө – Чад, Сирия, Борбордук Африка Республикасы, Конго Демократиялык Республикасы жана Түндүк Корея болгон.

Ошондой эле  Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстан 128, Өзбекстан 157, Тажикстан 159, Түркмөнстан 162-орун деп көрсөтүлгөн.