Кыргызстандын Эфиопиядагы элчилиги уюштурулду

Кыргызстандын Эфиопиядагы элчилиги уюштурулду. Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Токтом кылынат:

1. Аддис-Абеба шаарында жайгаштыруу менен Кыргыз Республикасынын Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасындагы элчилиги уюштурулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети:

– Кыргыз Республикасынын Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасындагы элчилигинин ишин уюштуруу жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин чечсин;

– Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин штаттык санын 4 бирдикке көбөйтүү маселесин чечсин;

– өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирсин.