Эгемендүүлүк майрамында Сулайман-Тоодо туу көтөрүлөт

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы Ошто өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

31-августта Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы жана мамлекеттик жана саясий ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган мамлекеттик маанидеги иш-чаралар өтөт.

Программанын долбоору:
— Ош шаарында мамлекеттик тууну салтанаттуу көтөрүү (Сулайман-Тоо);
— Мамлекеттик жана саясий ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференция жана Насирдин Исановдун эстелигинин ачылышы (ОшМУ);
— “Ош – достуктун шаары” иш чарасы (Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры);
— Спорттук мелдештер (Ахматбек Сүйүнбаев атындагы Ош шаарынын борбордук стадиону);
— Ат оюндары (“Төлөйкөн” ат майданы);
— Майрамдык салтанаттуу иш-чаралар (Ош шаарынын борбордук аянты).