Кыргызстандын элчиси Түркиянын тышкы иштер министри менен жолукту

26-майда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө Өмүралиев Чавушоглу менен президент Садыр Жапаровдун жакында боло турган расмий иш сапарын жана Кыргызстан менен Туркиянын Стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңешинин 5-жыйынын үстүбүздөгү жылдын июнь айында Анкара шаарында өткөрүү маселесин, ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун бир катар маселелерин талкуулады.