Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери Михаил Медведев кечээ, 5-апрелде коронавирустан каза тапты. Маалыматты Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев тастыктады.
Анын айтымында, Медведев ооруканага 19-мартта келип түшкөн.
«Анын абалы өтө оор болчу. Соңку күндөрү жакшы болуп келе жаткан. Бирок капыстан ден соолугунда жаңы көйгөйлөр жаралып, аны жоготуп алдык»,- деди ал.
Михаил Медведев — профессор, Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери, медицина илимдеринин доктору, Кыргыз-Орус славян университетинин кафедра башчысы болчу.