Кыргызстандын гимни, герби жана туусу тетири караган китептин видеосу

Жаңы окуу жылынын башталышы менен китептер боюнча бир топ кызыктар коомчулукка тарап, көпчүлүктү кыжырдантууда. Буга чейин мукабасы башка, ички мазмуну башка китептердин видеосу тараган. Кечээ, 12-сентябрда 3-класстын мекен таануу китеби, 11-класстын Кыргызстандын тарыхы китебинин ичи тескери басылган видеосу социалдык тармакка бөлүшүлгөн. 

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин окурманы 3-класстын китеби менен бөлүштү. Анда Кыргыз Республикасынын гимни, туусу жана герби тескери карап калган.