Кыргызстандын жарандары Орусиянын аймагынан массалык түрдө чыгарылып жатабы? Элчиликтин жообу

Кыргызстандын Орусия Федерациясындагы элчилиги Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновдун «Кыргыз Республикасынын жарандары Орусия Федерациясынын аймагынан массалык түрдө чыгарылып жатат» деген билдирүүсү боюнча үн катты.

Маалыматка караганда, Орусиянын аймагында камактан бошотулган, ошондой эле алардын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген чет өлкөлүк адамдарды жана жарандыгы жок адамдарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жарандарын массалык түрдө депортациялоо жана чыгаруу фактысы катталган эмес.

«Белгилүү болгондой, 15-июнда Орусиянын президентинин №364 «Жаңы коронавирус (COVID-19) инфекциясынын андан ары жайылуу коркунучуна байланыштуу Орусия Федерациясындагы чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча убактылуу чаралар жөнүндө» жарлыгы менен 2021-жылдын 30-сентябрына чейин чет өлкөлүк адамдарга жана жарандыгы жок адамдарга карата Орусия Федерациясынын аймагынан административдик чыгаруу тууралуу чечим кабыл алынбайт. Элчиликтин башкы консулдуктарынын жана канцелярияларынын маалыматы боюнча июль айында жалпысынан Орусиянын бардык региондору боюнча Кыргызстандын 18 жараны чыгарылган.

Ошону менен бирге, бүгүнкү күндө Москва облусунун Сахарово айылындагы Чет өлкөлүк адамдарды жана жарандыгы жок адамдарды убактылуу кармоочу борбордо Кыргызстандын 9 жараны кармалып турат. Алардын ичинен 5 жаран Орусиянын мыйзамдарына ылайык 25-июлда жөнөтүлөрүн, калгандары август айынын башында жөнөтүлөрүн белгилейбиз (соттун чечими күчүнө киргенден кийин). Ошону менен бирге, 1 жаран убактылуу баш калкалоо тууралуу чечим кабыл алынганга чейин кармалат»,- деп айтылат маалыматта.

23-июлдагы абал боюнча 12-июлдагы “Кузьминки” метросунда болгон окуя боюнча Москва шаарынын Орусиянын ИИМнин Башкы Башкармалыгы тарабынан административдик камака алынган жарандарды кармоочу атайын жайда Кыргызстандын 65 жараны кармалып тургандыгы маалым болду.

Бул маселе элчиликтин көзөмөлүндө турат жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча бардык чаралар көрүлүүдө.