Кыргыз жарандарына Кытайдын визасын алуу жеңилдеди

ТИМ Кыргыз  жарандары үчүн Кытайдын визасын берүү тартиби жөнөкөйлөштүрүлгөнүн маалымдады.

17-декабрдан баштап Кытайдын элчилиги виза алуу үчүн документтерди тапшыруу үчүн милдеттүү түрдө алдын ала электрондук каттоодон өтүү талабын жокко чыгарды. Элчилик Кытайдын визасын алуу үчүн кайрылгандарды белгиленген кабыл алуу күндөрүндө жана сааттарында кезек күтүү тартибинде кабыл алат. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын ишкерлерине, ошондой эле Кытайга иш сапары менен же маданий, илимий, билим берүү иш-чараларына катышуу максатында бара турган Кыргыз жарандарына Кытайдын визасын алуу үчүн атайын штрих-код менен кытай тараптан чакыруу алып келүү талабы жокко чыгарылды. Кыргыз жарандары чакыруусу, ошондой Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын өтүнүчү/кайрылуусу болгон учурда Кытайдын тийиштүү категориядагы визасын алуу үчүн кайрыла алышат.

Ошону менен бирге министрлик 7-ноябрдан баштап апостиль болгон учурда Кытайдын аймагында колдонууга арналган Кыргызстандын документтерин консулдук легалдаштыруу талап кылынбай турганын эскертет.