Кыргызстандын калкынын 23,1 пайызы ашыкча салмактан жабыркайт

«Кыргызстандын калкынын 56,2 пайызынын ашыкча салмагы бар. Мындай маалыматты Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун аналитиктери жарыялашты», — деп билдиришти Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан. 

Ошол эле учурда өлкөнүн жарандарынын 23,1 пайызы семиздиктен жабыркайт. Республикада бул көрсөткүч эркектерге караганда аялдарда жогору экени белгиленген.

Кыргызстандын бойго жеткен калкынын 43 пайызы (25 жаштан 64 жашка чейин) артериялык гипертензия – жогорку кан басым менен жабыркайт. Бул өз кезегинде жүрөк-кан тамыр системасынын, мээнин жана бөйрөктүн, ошондой эле башка оорулардын пайда болуу коркунучун олуттуу жогорулатат.