Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата логотип тандалды (сүрөт)

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата логотиптин тандап алуу боюнча жарыяланган сынак жыйынтыкталды. Бул тууралуу маданият министрлигинен билдиришти.

Тандалган логотиптин авторлору Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, сүрөтчү Жаныш Жамурзаев, Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Шакир Арыков жана Жеңиш Жанузаков.
«Сынак Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракесине карата логотип жасоо максатында өткөрүлүп, кесипкөй чыгармачыл топтордун коомдук иштерге активдүүлүгүн арттырууга багытталган. Жобого ылайык, долбоордун катышуучулары жалгыз автор же автордук коллектив болушу мүмкүн экендиги белгиленген»,— деп айтылат маалыматта.