Кыргызстандын медициналык окуу жайлары Пакистандын кара тизмесинен чыгат

Кыргызстандын медициналык окуу жайлары Пакистандын кара тизмесинен чыгат. Маселе министр Алмазбек Бейшеналиевдин Пакистанга болгон иш сапары жана Медицина комиссиясынын президенти Ардаш Таки менен жолугушкандан кийин чечилген.

Кыргызстандын окуу жайлары төмөндөгүдөй тизмеге кирди:

Жакында эле ачылган медициналык окуу жайлар өзүнчө тизмеге киргизилмей болду.

Өткөн жылдын 29-октябрында Кыргызстандын медиктерди даярдаган окуу жайлары Пакистандын «кара тизмесине» киргени маалым болгон. Буга тийиштүү ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнүн 90 пайызы Пакистандын медицина кеңешинде милдеттүү экзамендерди тапшыра албай калышы жана дипломдорунун жараксыз болушу себеп экени айтылган. Андан кийин төрт окуу жай «кара тизмеден» кайра чыгарылган эле.