Кыргызстандын мектептеринде 110дой мугалим диплому жок иштери айтылды

Кыргызстандын мектептеринде 110го жакын диплому жок мугалим эмгектенет. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин Бюджеттик саясат жана каржылык талдоо башкармалыгынын башчысы Гүлнар Тохтакунова маалымат жыйында билдирди. 

«Тилекке каршы, 4-курста окуусун таштап кеткен, жогорку окуу жайын бүтүрбөгөн же орто атайын билим алган мугалимдердин контингенти бар. Алардын базалык билими бар, бирок диплому жок», — деди ал.

Мугалимдер жетишсиз алыскы жерлерде дене тарбия, эмгек сабактарын беришет, бирок математика, физика сыяктуу сабактарды окутушпарын айтты.