Кыргызстандын мектептеринде 23 миң 751 эркек иштейт, бул жалпы кызматкерлердин санынын 19,3 пайызын түзөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Мектептерде 14 миң 858 эркек мугалим сабак берет же мугалимдердин жалпы санынын 15,3 пайызы.
Баткен облусундагы жалпы билим берүү мекемелеринде 2 миң 911 эркек иштейт.
Ош облусунда – 5 миң 642 эркек иштейт.
Жалал-Абад облусунда – 4 миң 723 эркек иштейт.
Чүй облусунда – 3 миң 81 эркек иштейт.
Нарын облусунда – 1931 эркек иштейт.
Ысык-Көл облусунда – 1890 эркек иштейт.
Талас облусунда – 1151 эркек иштейт.
Бишкек шаарында – 1621 эркек иштейт.
Ош шаары – 1913 эрке киштейт.