Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин жаңы имараты ачылды

Ташкент шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргыз Республикасынын элчилигинин жаңы имаратынын расмий ачылыш аземине катышты.

Иш-чарага ошондой эле Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Орусия, Түркия, Тажикстан, Түркмөнстан мамлекеттеринин Өзбекстандагы элчилери, диаспоралар, этникалык кыргыздар жана жергиликтүү жашоочулар чакырылган. Ошондой эле келген коноктор үчүн атайын боз үй тигилип, кыргыздын меймандостугу көрсөтүлдү.

Маалымат үчүн: Өзбекстандын аймагына жылына кирип-чыккан Кыргыз жарандарынын саны 1 миллиондон ашат, ал эми туруктуу жана убактылуу жашагандардын саны 6,5 миңдин тегереги, мындан тышкары болжолдуу 400 миңден ашуун этникалык кыргыз жашайт.