Кыргызстандын спортчулары Олимпиаданын ачылыш аземине бет капсыз чыгышкан. Олимпиадалык комитет үн катты

23-июлга караган түнү, Олимпиада оюндарынанын ачылыш аземинде Кыргызстан менен Тажикстандын делегациясынын мүчөлөрү жана Пакистандын туу көтөргөн спортчусу бет капсыз чыгышкан. Бул боюнча Олимпиадалык комитет үн катканын «Майнити симбун» газетасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 24-июлда өткөн маалымат жыйында комитеттин аткаруучу директору Кристофер Дуби коронавируска каршы чараларды аткарбаганы үчүн атлеттер жазаланышы мүмкүндүгүн эскерткен. Оюндун ачылышында эки өлкөнүн курама командасынын мүчөлөрү гана COVID-19 боюнча протоколду эске албай, бет кап тагынбай койгон.

«Дуби баса белгилегендей, көпчүлүк учурда спортчулар маска тагынууну унутуп калышкан. Ал ошондой эле Японияга жаңы келген адамдар күн сайын аларды кийип жүрүүнү адатка айландырбай тургандыгын, буга чейин бир нече жолу эскертүү берилерин айткан»,- деп жазылат маалыматта. 

Эске салсак, бул көрүнүш Япониянын өзүндө жана башка мамлекеттерде сын-пикирлерди жараткан.