Кыргызстандын тарыхында математика боюнча дүйнөлүк олимпиадада биринчи жолу алтын медалга Назар Кыргызбаев ээ болду. Команда Билим берүү министрлиги тарабынан каржыланып жөнөтүлгөнү маалымдалды.
Маалыматтарга караганда, Кыргызстан 1993-жылдан бери математика боюнча дүйнөлүк олимпиадага катышат. Байыл 2024-жылкы олимпиада Улуу Британияда 11-22-июль күндөрү өттү. Жалпысынан 108 мамлекеттен 609 адам катышып, Кыргызстан командалык эсепте 29-орунду алган.
2024-жылкы математика олимпиадасында Кыргызстан командасы жана алардын жетишкендиктери:
1. Назар Кыргызбаев, алтын медаль (10-класс, 61-мектеп)
2. Ян Бобрус, күмүш медаль (8-класс, Газпром)
3. Эльдар Искандеров, күмүш медаль (12-класс, Сапат)
4. Искен Кенжебаев, күмүш медаль (11-класс, Сапат)
5. Нурсултан Эшперов, Ардак грамота (10-класс, Газпром)
6. Султан Мусаходжаев, Ардак грамота (8 класс, 70-мектеп)