Кыргызстандын төрт шаарында эмдөө пункттары күнү-түнү иштейт

Бишкек, Ош, Чолпон-Ата жана Каракол шаарларында эмдөө борборлору күнү-түнү иштешет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова брифингде билдирди.

Анын айтымында, «Sinopharm» вакциналарын таркатуу, ташуу жана сактоо алгоритмге ылайык республиканын бардык аймактарына жеткирилет. «Убактылуу жана көчмө эмдөө пункттарынын үзгүлтүксүз иштеши медициналык кызматкерлердин керектүү курамы менен камсыздалып, эмдөөнүн белгиленген талаптарын сактоо менен уюштурулат», — деди ал. Жылдыз Бакашова кошумчалагандай, убактылуу эмдөө борборлорунун ишин уюштуруу максатында, шаарлардын эл көп чогулган жерлерине — парктарга, скверлерге жана башка жерлерге чатырлар орнотулат.