Кыргызстандын туңгуч муфтийи Кимсанбай Абдурахманов көз жумду

Кыргызстандын туңгуч муфтийи Кимсанбай Абдурахманов көз жумду. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Ал 1940-жылы 10-июлда Кыргызстандын Баткен шаарынан 15 чакырым алыстыкта ​​Өзбекстандын Фергана облусунун Жанабад айылында туулган. 1959-жылы Бухара шаарындагы Мир-и Араб Ислам медресесине тапшырган. Андан кийин ал аскердик флотто кызмат өтөгөн. Окууну 1971-жылы аяктаган. 1976-1980-жылдары Иордания мамлекеттик университетинин шариат факультетинде окуган.

1990-1992-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын казысы болгон. 1992-жылдын август айында эгемен Кыргызстанда биринчи жолу мусулмандардын курултайы өтүп, анда Дин башкармалыгы түзүлүп, анын төрагасы болуп Кимсанбай Абдурахманов дайындалган. Анын тушунда бир катар мечиттер, анын ичинде борбордук мечит, медресе жана Ислам институту курулган.