Кыргызстан менен Орусиянын тышкы иштер министрлери соода борбордогу окуя боюнча сүйлөшүштү

Бүгүн, 16-августта Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилери кыргыз-орус мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашып, Ооганстандагы аскердик-саясий абалдын курчушун эске алуу менен эл аралык жана аймактык маселелер жана ошондой эле абалдын мындан ары курчушу учурунда жарандарды эвакуациялоо мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашышкан.

Мындан тышкары, маектештер Бишкек шаарында жайгашка «Технопарк» оюн-зоок борборунда Кыргыз Республикасынын жараны жана бул мекеменин кызматкери, орус улутундагы Кыргыз Республикасынын жаранынын катышуусунда болгон окуяны талкуулашкан.

«Аталган факт «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалымат тутумуна Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси («Бейбаштык») менен катталгандыгы тууралуу маалымат орусия тарабына берилди. Ушул жылдын 12-августунда бул окуя боюнча шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилгендиги жана сот анын баш коргоо чарасын тандай тургандыгы белгиленди.

Министр Казакбаев кыргыз тарабы улутчулдукка негизделген агрессиянын бардык учурларын айыптай тургандыгына маектешинин көңүлүн бурду. Ал белгилегендей, Кыргызстанда да, Орусия да болушу мүмкүн болгон мындай аракеттерге, ким жасаганына карабай, тийиштүү баа берилип, эки тараптуу мамиледе терс кесепеттерди болтурбоо үчүн зарыл болгон чараларды көрүү керек. Орусиянын Мамлекеттик Думасынын айрым депутаттары бул окуяга жооп кайтаруу чараларынын бири катары мындай аракеттерге жол берген адамдардын Орусияга кирүүсүнө тыюу салууну сунуштаганына өкүнүчүн билдирип, айрым россия саясатчыларынын мындай билдирүүлөрү эки өлкөнүн жарандарынын өз ара сапарларына таасир тийгизбеш керек экендигин белгиледи»,- деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда, Кыргызстандын тышкы саясат ведомствосунун башчысы тиричилик окуялар Орусияда да болуп жатканына көңүл буруп, тиричилик мүнөздөгү улутчулдуктун айрым учурлары орус бийлиги тарабынан Кыргызстандагы этникалык орустардын укуктарынын жана кызыкчылыктарынын системалык бузуулары жана жарандарды этникалык жана диний негиздеги кысым катары кабыл алынбоосу керектигин баса белгилеген.

Ошону менен бирге, Кргызстандын министри Кыргызстанда русофобия жана башка агрессивдүү улутчулдуктун жоктугун, тарыхты кайра жазуу, эстеликтер жана орус тили менен күрөшүү фактылары жок экенин баса белгилеген.