Тышкы иштер министрлиги түрк элчисине нота тапшырып, Орхан Инандыны кайтарып берүүгө чакырды

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган бүгүн, 6-июлда Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Түркиянын элчисине Кыргыз Республикасынын жараны Орхан Инандыны колго түшүрүү жана Түркия Республикасына жеткирүү боюнча түрк тараптын операциясына байланыштуу нота тапшырылды. «Кыргыз тарап Эл аралык укуктун негизги принциптерин жана ченемдерин одоно бузганын белгиледи. Кыргыз тарап түрк тарапты Орхан Инандыны Кыргыз Республикасына кайтарып берүүгө жана ага туура мамилени камсыз кылуу жана ага каршы зомбулук жана кадыр-баркты басмырлаган иш-аракеттерди эл аралык укуктун ченемдерине ылайык колдонбоо үчүн бардык чараларды көрүүгө чакырды», — деп айтылат маалыматта. Өз кезегинде элчи Орхан Инандынын Түркиянын да жараны экендигин эске салып, аны кармоо операциясы Кыргызстандын аймагында жүргүзүлгөнү маалымдалбаганын айткан.

1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Жоголгон күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жана ал иштерден эч кандай жыйынтык майнап чыкпай жаткан. Кечээ, 5-июлда Түркиянын президенти Эрдоган Орхан Инандынын кармалып, Түркияга жеткирилгенин жар салды.