Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин кызматкерлери эвакуцияланышы мүмкүн

Украинадагы Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлерин чукул кырдаалда эвакуациялоо боюнча Тышкы иштер министрлигинин планы бар. Бул тууралуу министр Руслан Казакбаев журналисттерге билдирди.

Министрдин айтымында, азырынча элчиликтин кызматкерлерин эвакуциялоо пландала элек. Дипломатиялык өкүлчүлүк штаттык режимде ишин улантууда.

Украинанын ири шаарларында бүгүн жардыруулар катталды. Ошол эле учурда Киевдин тургундары шаардан чыгып кетип жаткандагы видеолор тарады. Учурда Киевде коргонуу сиренасы жаңырып жатат.