Кыргызстандын Украинадагы элчиси кырдаалдан пайдаланып жаткан шылуундар пайда болгонун билдирди

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов кырдаалдан пайдаланып жаткан шылуундар пайда болгонун билдирди. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жарыялады.

Элчинин айтымында, бул тынчсыздануу менен коштолгон күндөрдө дипломатиялык өкүлчүлүктүн негизги аракети Кыргыз жарандарын Украинадан чыгарууну уюштуруу, аларды коопсуз жайга, кийин мекенине жөнөтүүгө багытталган. «Элчиликтин кызматкерлери оор шартта күн-түн дебей, эс алуусу жок иштеп жатышат. Аскердик абалга байланыштуу Украинада коомдук транспорт жана күйүүчү май тартыш болуп, айрым аймактарда кредиттик-финансылык мекемелер иштебей калган. Мындай шартта элчиликтин кызматкерлери кээде өз өмүрүн тобокелге салып, жеке каражаттарынан акча маселесин чечип калышууда», — дейт Кадыркулов.

Элчинин билдирүсүнө ылайык, оңой акча табуу максатында кырдаалдан пайдаланган аракеттер орун алууда. Тагыраагы жардам берүү үчүн акча каражаттарын топтоо уюштурулуп, чет өлкөдөгү кыргыз диаспорасынын акча каражатын өзүмдүк кылууга аракет кылгандар болгон. «Буга байланыштуу расмий түрдө алдын ала билдирип коёюн, айрым адамдардын мындай аракети кылдат көзөмөлгө алынууда, мыйзамды бузгандар жоопко тартылышат. Украинада акчалай же башка жардамга муктаж болгон Кыргыз жарандарына колдоо көрсөткүчү келгендерге элчиликтин кызматкерлери менен макулдашуудан кийин жардам берүүнү сунуш кылам», — дейт элчи.