Кыргызстандын курама командасы Азия чемпионатында Борбордук зонанын командалары арасында 2-орунду ээледи. Турнир Фергана шаарында (Өзбекстан) 17-22-августта өттү.
Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын курама командалары катышты. Финалдык оюндун алдында Кыргыз курамасы Казакстандын курама командасына 1: 3 эсебинде утулду. Үчүнчү орун үчүн болгон беттеште Өзбек командасы Тажикстанды жеңди.