25-апрелде Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймагында Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу органдары жана аскерлери (күчтөрү) жана башка аскердик түзүмдөр, министрликтер жана ведомстволор, мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык «Коопсуздук-2023» машыгуусу башталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты.
Машыгуунун жүрүшүндө резервдик түзүмдөрдү мобилизациялоо боюнча практикалык иш-чараларды аткаруу менен аскердик абал режимин киргизүү шартында абалды турукташтыруу, резервдик роталар менен күжүрмөн ок атууларды уюштуруу, ошондой эле сырттан келген күчтөрдүн жана каражаттардын басып кирүүсүн алдын алуу боюнча биргелешкен атайын операцияны жүргүзүү боюнча маселелер иштелип чыгат. Бул машыгууга 26-апрель күнү Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов Ош облусунун Алай районунда болду. Анда ички иштер министрлигинин түзүмдөрүнүн машыгууга даярдыктарын текшерип, уюштуруу иштерин жана күжүрмөн даярдыктардын абалы менен таанышып, коопсуздук чаралары боюнча өздүк курамга нускама өткөрдү.