Кыргызстанга 200 миң доза «Спутник Лайт» вакцинасы жеткирилди

Кечээ, 12-ноябрда Кыргызстанга 200 миң доза «Спутник Лайт» вакцинасы жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

«Кыргызстанга 200 миң дозада орусиялык “Спутник Лайт” вакцинасы келди. Вакцина Орусия Федерациясынын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу министрлигинен гуманитардык жардам катары берилди. «Манас» аэропортунан жүктү министрдин орун басары Улук-Бек Бектурганов тосуп алды»,- деп айтылат маалыматта.