Кыргызстанга 30-июлга чейин инсулин алып келинери айтылды

30-июлга чейин инсулин көп өлчөмдө Кыргызстанга алып келинет. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков жыйын учурунда билдирди.

Касымбековдун айтымында, учурда инсулин маселеси чечилген. «Инсулиндин тартыштыгы жылдын ортосуна чейин болду. Бүгүнкү күндө бул маселе чечилген, учурда Кыргызстанга жеткирүү мөөнөтүн тездетип жатабыз. 30-июлга чейин көп партия менен инсулин өлкөгө алынып келинет. Жылдын аягына карата өлкөнүн бардык аймактары инсулин менен камсыз болот«, — деп билдирди Жаркынбек Касымбеков.