Кыргызстанга Airbus A220 тибиндеги жаңы учак алынып келди

Бүгүнкү күн Кыргызстандын жарандык авиация тармагын өнүктүрүүдө жаңы доорду ачып жатат. Бул туурасында транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева өлкөгө Airbus A220 тибиндеги жаңы учак алынып келишине байланыштуу өткөн салтанатта билдирди.

Министр ата мекендик «Эйр Манас» авиакомпаниясы авиакомпаниялардын ичинен биринчилерден болуп «Эйрбас» (Airbus) А 220 (модель А 220 –300) жаатындагы жаңы типтеги самолетту ишке киргизип жатканын белгилеп, жакын арада компаниянын авиапаркына дагы бир аба кемеси келип кошуларын кошумчалады.

Маалыматка ылайык, аталган учактын салону 145 орунга ылайыкташкан. Жаңы технологияларды пайдалануудан улам, А220 түрүндөгү аба кемелери өз классындагы үнсүз жана экологиялык таза самолетторго кирет. Бул типтеги самолеттор өткөн муундагы самолетторго салыштырмалуу бир креслого отунду чыгымдоону 25% кыскартууга мүмкүндүк түзөт. Үн чыгаруу издери азыркы ченемдерден 50% төмөн.

Жалпысынан алганда Airbus А220 түрүндөгү 140 ашык самолётту тогуз операторго берген, анын ичинде “Эйр Манас” авиакомпаниясы да бар. Бул самолёттор Азия, Америка, Европа жана Африкада ийгиликтүү пайдаланылып жатат.

«Эйр Манас» авиакомпаниясы самолеттун бул түрүнүн учкуч курамын жана тейлөө персоналын даярдоонун жогорку деңгээлде болушуна көңүл бурат. Экипаж жана инженердик-техникалык персонал  Франкфуртта жана Цюрихте окуудан өтүштү», — деди министр.