Кыргызстанга август айында «AstraZeneca» жана «Sinopharm» вакцинасынын дагы бир партиясы келет

«AstraZeneca» жана «Sinopharm» вакцинасынын дагы бир партиясы Кыргызстанга август айында келет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Министрлер кабинети 1 миллион 250 миң доза кытай вакцинасын сатып алууга даярданууда. «Партияга буйрутма кылынды. Кечээ экономика министри Акылбек Жапаров акча табылганын айтты. Мындан тышкары, август айында «AstraZeneca» вакцинасынын келишин күтөбүз», — деди ал.