Кыргызстанга Азербайжандан 40 миң доза коронавируска каршы вакцина келди

Кыргызстанга Азербайжандан коронавируска каршы «АстраЗенека» вакцинасынын 40 миң дозасы алынып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жүктү тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров менен Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев тосуп алышты. 40 миң доза вакцина 20 миң адамга жетет.