Кыргызстанга биринчи жолу 50дөн ашуун өрт өчүрүүчү унаа алып келинди

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин демилгеси менен өлкөгө акыркы үлгүдөгү 58 өрт өчүрүүчү унаа алып келинди. Бул тууралуу аталган министрликтен бүгүн, 23-мартта маалымдашты.
Ал Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, “Табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” ERIK долбоорунун алкагында ишке ашты.