Кыргызстанга 20 миңден ашык доза COVID-19га каршы вакцина келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Республикалык иммунопрофилактика борборунун борбордук кампасына Pfizer-BioNTech COVID-19 вакцинасынын 20 160 дозасы келип түштү. Калктын эң аялуу катмары COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшү үчүн алар өлкө боюнча эмдөө пункттарына таратылат. COVAX уюму тарабынан берилген жана ЮНИСЕФтин колдоосу аркылуу жеткирилген вакциналардын жалпы баасы 136 миң долларды түзөт.