Кыргызстанга Ирактан алып келинген 79 бала туугандарына качан өткөрүп берилет?

Бүгүн, 18-майда Бишкек шаарында болуп өткөн консультативдик жумушчу жолугушуу учурунда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова эксперттер жана Казакстан менен Өзбекстандын өкүлдөрү чыр-чатак чыккан аймактардан мекенине кайтарылган балдарды реабилитациялоо боюнча ой-пикир жана тажрыйба алмашышты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Ализа Солтонбекова бүгүнкү күндө Кыргызстан Ирактан келген «Мээрим» гуманитардык миссиясынын алкагында өз мекенине Кыргыз Республикасынын жарандарынын 79 баласын кайтарылгандыгын, документтердин процедурасы аяктагандан соң, балдар туугандарына өткөрүп берилерин жана бүгүн алардын абалы жакшы, балдар менен атайын психологдор тобу, дарыгерлер жана социалдык кызматкерлер тыгыз иштешкенин баса белгиледи.

Ошондой эле Казакстан менен Өзбекстандын делегациялар кайтып келген балдарды реабилитациялоо жана реинтеграциялоо иштери боюнча тажрыйбалары жөнүндө айтып беришти. Тараптар бул жааттагы мыкты тажрыйбаларды бөлүшүп турууга макулдашышты.